Назгүл Жамгырчиева: "Бишкекте массалык иш-чаралардан кийин таштандылар азаюуда"

Бишкекте массалык иш-чаралардан кийин таштандылардын көлөмү аз чыгууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбук социалдык баракчасына жазды

Анда ал "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандардын ачылышына карата өткөрүлгөн иш-чарадан кийин тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасынын 15 кызматкери жана 3 атайын техника тартылганын билдирген.

"Иш-чарага 15 миңге жакын адам катышты. Борбордук "Ала-Тоо" аянтынан азыраак таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданияты өскөндүгүн айгинелейт.

Бишкек шаарынын мэриясы тазалыкты жана тартипти орнотууга салым кошкон, ошондой эле муниципалдык кызматкерлеринин эмгегин урматтоонун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдирет", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан