Казакстандын Актау шаарынын 3-кичи районунда ММА мушкери Вусал Жафаровдун сөөгү табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Анын сөөгү 20-сентябрда таштанды контейнерлеринин жанынан табылган. Жансыз денеси бузулуп, толугу менен шишип, карарып кеткен.
Бул маалыматты Актау РИИБинен тастыктаган.
"Табылган эркектин жансыз денесине соттук териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Жафаров сабалып, анын сөөгү бир нече күн көчөдө жатканын айтышууда.
Ачык булактардын айтымында, Вусал Жафаров 1994-жылы 10-январда туулган. Ал өзүнүн профессионалдык карьерасын 2015-жылы баштаган. Ал төрт беттеш өткөрүп, бирөөсүн жеңип, үчөөндө жеңилген.