Трамп бул жолку президенттик шайлоодо утулса, кийинки шайлоого катышпай турганын билдирди

"Республикалык" партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп эгер бул шайлоодо утулуп калса, 2028-жылы талапкерлигин койбой турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ошол эле учурда Трамп алдыдагы шайлоодо жеңилүүнү эмес, жеңишти күтөрүн баса белгиледи.

"Жок, мен утулам деп ойлобойм. Мен андай нерсени сезбей элемин", - деди Трамп.

АКШнын учурдагы лидери Жо Байден шайлоодон баш тарткандан кийин Трамп АКШнын эң жашы улуу президенттик талапкери болуп калды.

Эгерде Трамп шайлоодо жеңип чыкса, анын экинчи мөөнөтү болгондуктан, кайрадан кийинки президенттик шайлоого талапкерлигин коё албайт.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. "Демократиялык" партиядан вице-президент Камала Харрис болсо, ал эми "Республикалык" партиядан экс-президент Трамп талапкерлигин койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан