Пакистанда коңшу өлкөлөр Казакстандын, Тажикстандын жана башка 11 мамлекеттин элчилери кирген делегацияны коштоп бараткан полиция унаасы минадан улам жарылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров казак басылмаларына билдирди.
Кечээ, 22-сентябрда Хайбер Пухтунхва провинциясында болгон окуянын натыйжасында үч полиция кызматкери жарадар болуп, бирөө каза болгон.
"Биздин элчибиз бул делегацияда болгон, ал жана башка чет элдик элчилер жабыркаган жок. Алар Исламабадга кайтып келишти", - деп билдирген Смадияров.
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал полициянын унаасында болуп, аны колго жасалган жардыруучу зат жардырган. Geo телеканалы билдиргендей, делегациянын курамында Орусия, Казакстан, Португалия, Эфиопия, Индонезия, Тажикстан, Иран жана башка мамлекеттердин элчилери бар болгон.
Бул кол салууну Пакистандын президенти Асиф Али Зардари кескин айыптады.