Бишкекте жаран 42 миң долларын алдаткан. Милиция шектүүнү кармады

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда милицияга У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы июль айында Бишкек шаарындагы соода базарлардын биринде ишенимине кирип, товар жүгүртүүнү көбөйтүп берем деген убадасы менен 42 миң долларын алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1999-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан