Ак илбирсти сактоо боюнча жарым марафондун уюштуруучулары кайрымдуулукка 4 млн сомдон ашык каражат бөлүшкөн. Жыл сайын өтүп жаткан спорттук иш-чаранын ар бир катышуучусу бул жакшы ишке өз салымын кошууда.
29-сентябрда Бишкекте Nomad Sport уюштуруусу менен 5 ирет күздүн башкы спорттук иш-чарасы – Эл аралык Snow Leopard Run жарым марафону өтөт.
Көптөн бери күткөн жарыш дагы бир жолу бардык чуркоонун сүйүүчүлөрү менен профессионалдардын башын бириктирип, алар үчүн ага катышуу позитивдүү эмоциялар менен толукталып, чуркоодон жана иш-чаранын өзгөчө атмосферасынан ырахат алуу гана эмес, ошондой эле иш-чарага өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Жыл сайын спортчулардын кирүү акысынан түшкөн каражаттардын олуттуу бөлүгү кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Быйылкы сезондо чогулган сумманы браконьерлерге каршы күрөшкө тартылган егерлерге керектүү шаймандарды сатып алууга жумшоо пландалууда. Кар баскан Тян-Шандагы Ак илбирстин популяциясын сактап калууга аракет кылып жаткан укмуштуудай, бирок татаал кесиптеги адамдарга колдоо биринчи жолу болуп жаткан жок. 2021-жылкы жарыштын алкагында чогулган каражатка уюштуруучулар «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын кызматкерлери үчүн Niva үлгүсүндөгү унаа сатып алышты. Тоолу аймакта жүрө алган жол тандабастын жардамы менен егерлер көптөгөн браконьерлик фактыларын токтотууга жетишти. Бир жыл мурун Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) өтүнүчү боюнча жөө күлүктөрдүн кирүү акысынан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кызыл китепке кирген жырткычтын жашаган жерлерине орнотуу үчүн 36 фото-капкан сатып алууга жумшалган. Токой камералары ак илбирстерге гана эмес, жаныбарлар дүйнөсүнүн башка баалуу өкүлдөрүнө да байкоо жүргүзүүдө маанилүү ролун ойнойт.
Ири иштерден өзгөчө канааттануу бардык аракеттер текке кетпегендигин түшүнүүдөн келип чыгат! Ак илбирстин санынын көбөйүү тенденциясы бар. Эгерде 2017-жылы бул уникалдуу жаныбарлардын саны 250дөн ашпаса, 2022-2023-жж. саны 500 адамга жетти. Акыркы маалыматтар келерки жылы жарыяланат.
«Бүгүн биз илбирстердин санын сактап кала алдык жана бул бизди абдан кубандырат. Биз Snow Leopard Run ар бир катышуучунун, жарым марафонду уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берген ар бир ыктыярчынын, биздин демилгебизди колдогон ар бир өнөктөштүн салымын баалайбыз жана ыраазычылык билдиребиз», - дейт Nomad Sport башкы директору Арслан Малдыбаев.
Анын эсеби боюнча, бул жылдары кайрымдуулукка 4 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Эң көп сумма Snow Leopard Run 2023 жарым марафонунун алкагында берилди.
«Башта» басылмасы менен биргеликте 1.6 млн сом чогултууга жетиштик. Бул акчага атайын жабдыктар алынып, Бишкектин Ботаникалык багынын кызматкерлердин ак ниет эмгегин жеңилдетүү үчүн берилди. Ал эми 2022-жылы Дөлөн Өмүрзаков атындагыстадиондо воркаут-аянтчасы курулду. Бул шаардык экологияны жакшыртууга биздин биргелешкен инвестициябыз», - деп кошумчалайт компаниянын жетекчиси.
Snow Leopard Run – спорттук дух, биримдик, кайрымдуулук жана республиканын уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого катышкандардын баа жеткис салымы жөнүндө гана эмес. Бул дагы эл чындап сыймыктана турган долбоор. Долбоор тууралуу чет өлкөдө да билишет – бул эл аралык статуска ээ деп бекеринен айтылган эмес. Жарышка жыл сайын дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышат. Алардын айрымдары Кыргызстанда жашайт. Башкалары атайын Бишкектин борбордук көчөлөрүн аралап чуркап келишет жана мекенине кайтып келгенден кийин, албетте, Nomad Sportтун энтузиаст-негиздөөчүлөрүнүн тобунун демилгеси менен төрт жылдан бери массалык спортту жайылтууга жана жаратылышты сактоого багытталган улуттук ири долбоор тууралуу жана өздөрү пайдалуу жана маанилүү ишке катышканы тууралуу айтып беришет.