Жакынкы күндөрү өлкөдө катуу шамал болору айтылды 

Өлкө аймагында 27-28-сентябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Андагы маалыматка караганда, Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ошондой эле бул күндөрү шамалдын күчөшү дагы күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн +2...+5, бийик тоолуу аймактарда -2...-7ге чейин төмөндөйт. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө күндүз +20дан, түштүктө +26га чейин жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан