Бишкек шаарындагы Үмүт конушунун тургуну SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, тери заводу элдин талабын аткарбай жатканын билдирди.
Анын айтымында, конушка чукул жайгашкан заводдон сасык жыт чыгат.
"Тери заводунан чыккан жытка Үмүт конушунун тургундары ууланып жатабыз. Бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Биринчи май акимчилигине, завод жетекчилигине чейин кайрылдык. Балдар аллергия болуп ооруп жатышат. Заводдон чыккан жытка адам чыдай албайт", - деди ал.
Ошондой эле ал бул маселени өлкө жетекчилиги эртерээк чечип берсе жакшы болорун белгиледи.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.