Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарынын кээ бир жерлеринде убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Ага ылайык, мындай чектөө «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
Бүгүн саат 09:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берилбейт:
Темир жол линиясы - Фрунзе көчөсү- Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү;
Темир жол линиясы - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү- 7-апрель көчөсү.