Бишкекте 18-20-октябрь күндөрү республикалык “АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Жарманкеде үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум мал жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.
Ал эми көргөзмөгө айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар коюлат.