Орусияда бир үй-бүлөнүн төрт баласы белгисиз затка ууланып каза болду

Орусиянын Красноярск аймагында ата-эне жана алардын төрт баласы белгисиз затка ууланды. Үй-бүлө ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабай төрт бала тең чарчап калганын ТАСС агенттиги жазды.

21-сентябрь күнү эртең менен Красноярсктагы Красная Сопка айылынан бир үй-бүлө мүчөлөрү дарыгерлерге кайрылган. Алар тамак-аштан ууланганын айтышкан. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу жана оор деп баалап, жабырлануучулар реанимацияга жаткырылган.

Дарыгерлердин аракетине карабай катуу уулануунун кесепетинен 6, 11, 12 жана 13 жаштагы төрт бала тең каза болушкан.

Балдары каза болгондон эки күн өткөндөн кийин ата-эне эсине келишкен. Каза болгон балдардын апасынын тогуз айлык боюнда бар. Дарыгерлер түйүлдүккө коркунуч жок экенин айтышууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аял 20-сентябрда кечки тамакка тоок этин жана чүчпара бышырган. Азык-түлүктү ал жергиликтүү Олимп дүкөнүнөн сатып алган. Эртең менен эле алар ууланып калганын байкашкан.

Экспертиза ууланууга уулуу зат себеп болгонун көрсөттү. Анын келип чыгышын так аныктоо үчүн көбүрөөк изилдөө керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан