Казакстанда ири уюшкан кылмыштуу топтун 50 мүчөсү кармалды (видео)

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери ири уюшкан кылмыштуу топтун 50 мүчөсүн кармашканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын операция 18-сентябрда өлкөнүн бир нече облустарында: Астана, Алматы шаарында, Шымкент, Актөбө, Атырау, Алматы облусунда, Жетысуда, ошондой эле Батыш Казакстан жана Павлодар облустарында жүргүзүлгөн.

"Кармалгандар өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды жана автоунааларды уурдоо каналын уюштурган, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукту каржылаган деп шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, алар 20дан ашуун адамдын 2 миллиард теңгеден (4 миллион доллардан ашык) баалуу мүлкүн да уурдашкан.

Топто так иерархия жана ролдорду бөлүштүрүү болгон. Анын курамына кылмышкерлердин жана деструктивдүү диний чөйрөнүн, анын ичинде түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткандардын өкүлдөрү кирген.

Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан банк карталары, ири суммадагы акчалар, экстремисттик адабияттар, акча которуулардын жазуулары жана тергөөнү кызыктырган башка нерселер табылган.

Маалыматта Кылмыш ишинин чоо-жайы жашыруун экени айтылды.

Казакстанда ири уюшкан кылмыштуу топтун 50 мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан