УКМК төрагасынын атына жамынып алып алдамчылык кылган жарандар кармалды

УКМК жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алганга шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган Ош облусунун А.М. жана Н.У. аттуу тургундары алдамчылыкка айыпталып жатат.

Атайын кызмат тактагандай, алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

Мындан тышкары Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан