Казакстанда аскер кийимин кийген жигитти сабап жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Видеодо үч жигитти көрүүгө болот. Алардын бири аскер кийимин кийген жигитке кол көтөрүүдө.
Маалыматта Ички иштер министрлиги камерага түшүп калган форма Улуттук гвардияга таандык экенин тастыктаганы айтылат.
"Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кечээ, 23-сентябрда жарандык кийимчен белгисиз адам Казакстандын Улуттук гвардиясынын атайын кийимин кийген дагы бир жаранга кол көтөргөн видеосу аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 440-беренесинин 1-бөлүмү "Аскер кызматчыларынын ортосундагы мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу" боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды", - деп айтылат анда.