Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи, азыркы Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиевге Египет өлкөсүнүн мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты тапшыруу үчүн өлкөнүн президенти Абдул-Фаттах Халил Ас-Сиси өзү катышты.
"Илим жана маданият" медалы деп аталчу ардактуу сыйлык салттуу диндин таралышына, Кыргызстан жана Египеттин ортосундагы достуктун чыңалышына кошкон салымы үчүн ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.