Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 25-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9 ... +14, күндүз +22 ... +27;
Талас жергесинде түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +19 ... +24;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +12 ... +14, күндүз +29 ... +31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +21 ... +23;
Нарын дубанында түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +19 ... +24;
Бишкекте түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +24 ... +26 градус жылуу болот.