Нарындын Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 0,9-4,9 чакырым аралыгына асфальт басылууда.
"Учурда №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан планга коюлган 4 чакырым жолдун 240 метр бир жак тилкесине асфальт басуу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.