Орусияда 16 жаштагы эки бала Ми-8 тик учагын өрттөп жиберди

Орусиянын Омск аймагында 16 жаштагы эки бала авиабазада токтоп турган Ми-8 тик учагын өрттөп жиберди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы мектеп окуучулары авиабазага 21-сентябрдын кечинде киришкен. Алар Ми-8 тик учагына Молотов коктейлин ыргытып, көздөн кайым болушкан. Көп өтпөй алар кармалган.

Өспүрүмдөр Тelegram аркылуу тик учакты өрттөө тапшырмасын алышканын, ал үчүн аларга 20 миң доллар сыйлык убада кылынганын айтышкан. Тик учак өрттөнгөндөн кийин тапшырма берген адам билдирүүнү өчүрүп, өзү дайынсыз кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган өспүрүмдөр 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан