
Бишкекте 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Өлкө аймагында 11-22-сентябрга чейинки аралыкта рейддик иш-чара өткөрүлүп, жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган.
Алардын ичинен:
-243 мото айдоочунун тийиштүү документтери жок болгон;
-521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
-2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган.
-985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан.
-166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.
Ошондой эле тийиштүү документтери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.