Кыргызстандан балдарды чет өлкөгө чыгарып, сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроого жана андан ары сатуу максатында аларды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга адистешкен чет өлкөнүн жана кыргыз жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыштуу уюмдун ишмердигине бөгөт коюлду.
"Аталган кылмыштуу уюм 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айла-амалдардын, паракорчулуктун жана мыйзамдарды бузуу жолу аркылуу социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына толук камкордук көрүү укугун алганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттердин жана тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Адам сатуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыштуу уюмдун башка мүчөлөрүн жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткан, ошондой эле аларга кылмыш ишинде көмөк көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.