Wildberries кеңсесиндеги атышууга айыпталгандардын бири өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Москвадагы Wildberries компаниясынын кеңсесинде каракчылык кылгандардын бири өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги соттун материалына таянуу менен жазды.

Соттогу иш материалдарына ылайык, А.З. Висаригов беш кылмыш жасаган деп айыпталууда. Алардын ичинен төртөө өзгөчө оор кылмыштар жана бул иштер боюнча күнөөлүү деп табылгандар өмүр бою эркинен ажыратылат.

Агенттик кошумчалагандай, А.З. Висаригов мурда Москванын Басманный соту тарабынан камакка алынган.

Wildberries компаниясынын башкы кеңсесине кол салуу 18-сентябрда эртең менен Москванын борборунда болгон. Куралдуу кагылыштын натыйжасында жети адам жабыркап, экөө каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан