Кечээ, 24-сентябрда АКШнын президенти катары БУУнун Башкы ассамблеясындагы акыркы сөзүндө Жо Байден дүйнөнү Украинага Орусияны жеңүүгө жана Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүүгө жардам берүүгө чакырды.
"Дүйнө башка тандоо алдында турат. Биз Украинаны бул жаңжалда жеңишке жетип, анын эркиндигин сактап калуу үчүн колдоону улантабызбы, же андан баш тартып, агрессиянын кайра башталып, өлкөнүн талкаланышына жол беребизби?" - деген Байден.
Анын айтымында, Орусия Украинадагы операциясынын негизги максатына жетише алган жок.
"Мен алга карай жол бар экенин билем. Мен чындап эле биз дүйнөлүк тарыхтын жаңы бурулуш чекитинде экенибизге ишенем, бирок биз бүгүн жасаган тандоолор биздин ондогон жылдардагы келечегибизди аныктайт”, - деп кошумчалаган АКШ президенти.
Сөзүнүн аягында Байден кайра шайлоого барбоо чечимин түшүндүрдү.
"Мен демократияны сактоону президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты кылып койдум. Ушул жайда мен экинчи мөөнөткө президенттикке талапкерлигимди коюуну чечишим керек болчу. Президент катары кызмат кылуу менин жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Мен кылгым келген көптөгөн нерселер бар. Бирок өзүмдүн жумушумду канчалык сүйсөм да, мен мекенди көбүрөөк сүйөм”, - деп жыйынтыктаган Байден.