Окуучулар эвакуацияланып... АКШда мектепке аюунун мамалагы кирип келди

АКШнын Колорадо штатында аюунун мамалагы мектепке кирип келип, мектеп окуучуларынын баары эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

UPI агенттигинин маалыматына караганда, кичинекей, бирок коркунучтуу жырткыч мектеп ашканасына кирип, ал жердеги столдордун үстүнөн көрүнгөн нерселердин баарын жей баштаган.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары, парктар жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо департаментинин кызматкерлери бардык окуучуларды жана мугалимдерди эвакуациялаган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин аюу кармалып, мектептин сыртына чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин Приморьеде аюу 2 кишини өлтүрүп, андан кийин иттер баш калкалоочу жайга кирип, ал жерде 30 итти чайнап салганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан