"Эл 5-6 сааттап күтүп жатат". Төрага Калкты тейлөө борборлорунун ишин сынга алды (видео)

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун ишине нааразычылыгын билдирип, бул үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигин сындады.

Ал көйгөйдү чечүү үчүн министрликтен тез арада иш алып барууну талап кылды.

"Калкты тейлөө борборлорунун иши элди абдан нааразы кылып жатат. Эртең менен саат 9га барган адамдардын кезеги түшкү саат 2-3төрдө жетип жатат. Эл 5-6 сааттап күтүп жатышат. Биз бардыгын санариптештирип, жөнөкөйлөштүрүп, эл үчүн жеңилдетебиз дегенибиз тескери болуп жатат. Санарип министрлиги ишти абдан начар алып барууда", - деди ал.

25.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан