УКМК Нарында иштеген мамлекеттик кызматкерлерди кармады

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, алар Нарын шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майларды сатууда салык төлөөдөн качкан жеке ишкердик субъекттерине жеңилдиктерди беришкени аныкталган. Натыйжада мамлекетке 9 миллион 134 миң сом зыян келтирилген.

"Аталган фактынын негизинде кечээ, 24-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын салык көзөмөлү жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы М.М. жана ошол эле бөлүмдүн инспектору М.Ж. кармалды. Учурда ушул сыяктуу жана башка кылмыштарга тиешеси бар башка салык кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан