Коңшу Казакстандын Балхаш шаарында жылуулук магистралдык түтүктөрүн алмаштыруу учурунда болжолдуу үч адамдын сөөгү табылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын казак басылмалары жазышты.
Адам сөөктөрүн жер казуу иштерин жүргүзүп жаткан подряддык компаниянын жумушчулары таап чыгышкан. Үрөй учурган ачылыш тууралуу алар полицияга кабарлашкан. Караганды облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы адамдын сөөктөрү табылганын тастыктаган.
"Адамдын сөөктөрү табылды, сөөктөрдө зордук-зомбулук менен өлүм белгилери табылган жок. Факты полицияга катталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат", - деп билдирген Караганда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Эксперттер адамдын сөөктөрү жер астында канча убакыт жатканы жана өлүм зордук-зомбулук менен коштолгонбу, тактап жатат. Полиция дагы каза болгондордун өздүгүн тактоо иштерин баштаган.