Ысык-Ата районундагы №49 кесиптик лицейинин жетекчилигинде иштеген 61 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр сентябрь айында окуу жайдын директорунун орун басары болуп турганда мурдагы кесиптешинин колун окшоштуруп коюу менен 10 айлык окуу мөөнөтүн бүтүрө албаган студентке диплом берген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө ал ушул сыяктуу дагы 39 ишти жасаганы аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.