Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Андагы маалыматка караганда, шайлоого жалпы мамлекеттик бюджеттен 495 миллион 718 миң 400 сом жумшалат. Аталган сумманын жарымы тактап айтканда, 201 миллион 880 миң 600 сому маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгө жана башка борборлоштурулган чыгашаларга кетери айтылды.
Ал эми 293 миллион 837 миң 800 сому шайлоо комиссияларынын жана 2 миң 439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга сарпталат.
"Шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674 адам, 2 миң 439 участкалык комиссияларга – 30 миң 715 адам, АЭУ операторлору – 1 миң 31 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден - 4 миң 490 адам тартылат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча өлкөдө 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 12 миң 46 сомду түзөт.
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрына белгиленген.