"180 жүргүнчү учуп келди". Ош–Нью-Дели биринчи чартердик каттамы ачылды   

"Ош" эл аралык аэропорту Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын жаңы баскычын баштады. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош–Нью-Дели–Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттам ачылды. Биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келди. Бул жаңы багытка болгон кызыгууну көрсөтүп турат.

"Жума сайын шейшемби күнкү каттам транспорттук байланышты жакшыртууга гана эмес, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого да багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул багыт эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан