Сокулук районундагы 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Ага ылайык, 1998-жылы "Мижас" дыйкан чарбасынын төрагасы М.И. тарабынан Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн 80 гектардан ашык жер үлүштөрү алынган.
Ал эми 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Мижас" дыйкан чарбасы аталган жер тилкесин пайдаланып, эч кандай укук белгилөөчү документтери жок иштеп, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес.
Натыйжада М.И. жер тилкесине ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алып, базар баасы 257 миллион 979 миң сомду түзгөн аталган жер тилкесин өз ыктыяры менен жогоруда аталган айыл өкмөткө өткөрүп берди.