Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон Эркин Мамбеталиевдин 5 миллион 716 миң 307 доллар же 489 миллион 886 миң сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамбеталиевдин мүлктөрү кылмыштуу жол менен табылган деген негизде мамлекетке өткөрүлгөн.
"Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан "Эдельвейс" эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү унаалар, 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 8-августта Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген. 19-августта Ысык-Көл облустук сотунан ал "Уюшкан топко катышуу" беренеси менен айыпталып, 5-октябрга чейин камакка алынганын тастыктаган.