Экс-депутат, "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов кармалды

Бишкекте "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Эмилбек Жусупов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга калаа тургундары курулуш компаниянын мурдагы ээси жана башкы директору Э.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген деп айыпталууда.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында 1991-жылы туулган Э.Ж шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин ондогон үлүшчүлөр Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Ал азыр аталган ишканага тиешеси жок экенин билдирген.

Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынан депутат болуп келген Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы кабарланган. Анын мындай чечиминин себеби айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан