Түркмөнстанда абактагы 736 кишиге ырайым кылынды 

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 736 адамга ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, ырайым кылуу өлкөнүн 27-сентябрда белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалды. Акция кылмыш жасаганы үчүн соттолгон, бирок "кылмыштарына чын жүрөктөн өкүнгөн" жарандарга тиешелүү. Бошотулган адамдарды үйлөрүнө тез арада жеткирүүнү уюштуруу Түркмөнстандын Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысына жана коргоо министри Бегенч Гундогдыевге тапшырылды.
Түркмөнстанда камактагыларга ырайым кылуу боюнча иш-чаралар Кадыр түн, Бейтараптык жана Эгемендүүлүк күндөрү сыяктуу маанилүү даталарда өткөрүлөт. Былтыр эгемендүүлүктүн 32 жылдыгында президент Бердымухамедов 1180 соттолгон адамга ырайым кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан