Алексей Дюмин жана Владимир Путин
Орус президентинин жардамчысы, Мамлекеттик кеңештин катчысы Алексей Дюмин Курск облусу украин аскерлеринен жакында бошотуларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Анын айтымында, бул Орусиянын Башкы штабынын пландарына ылайык болот.
"Башкы штабдын пландарынын негизинде биздин аймак жакынкы аралыкта бошотулат", - деди Дюмин.
Курск аймагындагы салгылашуулар 6-августтан бери уланууда. Орус тараптын айтымында, 28 конуш Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Украин тарап андан да көбүрөөк аймакты көзөмөлдөөрүн ырастоодо.
Орусиянын президенти Владимир Путин мурда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн операциясын “чоң масштабдагы провокация” деп атап, “Курск аймагына кирген бандиттерге каршы күрөшүүнү” убада кылган.
Ал арада генерал-майор Апти Алаудинов 25-сентябрда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактагы позициясын жакшыртуу аракети ийгиликсиз болгонун жарыялады. Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлеринин чабуулдарынын мизин кайтарганы тууралуу такай кабарлап турат.
Курск облусунда антитеррордук операция жана федералдык өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. 22-августка карата эвакуация аймагынан 133 миң адам чыгып кеткен.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Орусиянын контрчабуулдук аракеттери украиналык планга ылайык жүрүп жатканын айтып, “буфердик аймакты” түзүүнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясынын милдеттеринин бири деп атаган.