Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандын "Хезболла" тобуна каршы кургактан операция даярдап жатат. Бул тууралуу 25-сентябрда Израиль армиясынын башкы штабынын башчысы Герци Халеви билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал 7-бронетранспорттук бригаданын жоокерлерине кайрылып, "алардын өтүгү душмандын аймагына кирет" деп билдирди.
"Силер үстүдөн учактын үндөрүн дагы угасыңар. Биз аймакты коргоо үчүн күнү бою согушабыз. Балким, Ливанга басып киребиз", - деген Халеви.
Израилдин Башкы штабынын командачысы ошондой эле Ливандан Тель-Авивге баллистикалык ракета учурулганына "өтө күчтүү жооп" берерин убада кылды.
Өз кезегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин түндүгүндө Ливан менен чектеш аймактардан эвакуацияланган он миңдеген израилдиктер үйлөрүнө кайтып келерине дагы бир жолу убада берди.