АКШнын Калифорния штатындагы сот имаратында жарылуу болду. Бул тууралуу Санта-Барбара округунун полициясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Ракель Зик X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, алгач ал Санта-Мария шаарындагы сот имаратында жарылуу катталганын тастыктап, кошумча маалымат бериле тургандыгын айткан. Кийинчерээк жардырууга шектелген адам кармалганын кабарлаган.
“Шектүү жаран имараттын негизги эшигинен кирип, баштыгын “курал-жарактарды текшерүү” бекетинин жанына ыргытып жиберген. Андан соң шашылыш түрдө имаратты таштап чыгып кеткен. Жардыруудан 5 киши жаракат алды. Алардын баары ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.