Интернетте тараган видео боюнча Орусия Өзбекстандан түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ТАСС агенттигине билдирген.
Интернетте буга чейин Ташкенттеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжал тууралуу видео пайда болгон. Маалым болгондой, 6-класстын окуучусу орус тил мугалиминен сабакты орус тилинде түшүндүрүп берүүнү суранган.
Анын суранычына мугалим жаңжал менен жооп берген, тагыраагы, окуучуну сабаган. Бул окуя видео камерага тартылып калган.
Өз кезегинде Өзбекстандын расмий органдары бул окуяга комментарий берип, коркунучтуу эч нерсе болбогонун, бала олуттуу жаракат албаганын билдирген.