Баткенде балдар ойноочу аянтча жеке менчиктен мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул туурасында бүгүн, 26-сентябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы балдар ойноочу 2795 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке турак жай куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.
“Кызыл-Бел айылынын А. Х. аттуу жашоочусуна эскертүү берилип, жыйынтыгында, балдар ойноочу аянт айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кайрадан өткөрүлүп берилди”, - деп белгилеген маалыматта.