Кыргызстанда унааны сатып алгандар гана камсыздандыруу алышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Шайлоочулар бир топ суроолор менен кайрылып жатышат. Азыр сиз унааны сатам десеңиз сатуучу катары камсыздандырууну сөзсүз аласыз да. Алган киши дагы алышы керек. Бул туура эмес. Камсыздандырууну 5 мүнөткө алыш туурабы? Менимче, туура эмес. Бул жөн эле камсыздандыруу компанияларынын бизнеси, мамлекетке пайдасы тийбейт. Ошону жоюш керек. Ким унааны алса камсыздандырууну ошол гана алышы керек", - деди Бекешев.