Жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата “Катыш! Танда! Шайла!" долбоору расмий старт алды (видео)  

17-ноябрда өтүүчү Жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата “Катыш! Танда! Шайла!" долбоору Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан ишке ашырылат. Максаты жаштарды шайлоого тартууга багытталган.

Ал эми буга байланыштуу Кыргызстан жаштар кыймылы өлкөдөгү бардык жаштарды 17-ноябрда боло турчу жергиликтүү шайлоого толук катышууга чакырды.

Алардын айтымында, Кыргызстандагы 1 миллион 700 миң жаш шайлоочулардын ичинен 250 миңдейи гана шайлоого катышат.

Бул олуттуу статистика жаштар арасындагы жарандык активдүүлүк өтө төмөн экенин көрсөтүп турат. Башкача айтканда, шайлоого жаштардын 80 пайызы катышпайт.

"Бул – сен жашаган шаар же айылдын абалы, сүйгөн кызың же жигитиң менен басып бараткан ыңгайсыз тротуар же кире албаган кинотеатр.
Келгиле, урматтуу жаштар, биздин катарда болуп, жаштардын шайлоого катышуусу канчалык маанилүү экенин бирге жайылталык.

Биз баштаган "Катыш! Танда! Шайла!" кампаниясына катыш, досуңду биздин катарга чакыр", - деп билдиришти Кыргызстан жаштар кыймылы.

Кыргызстан жаштар кыймылы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан