Кант шаарында мушташтан улам ок атышуу болду. Бул туурасында бүгүн, 26-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 24-сентябрда Кант шаарында орун алган. Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жолдошун бир нече адам сабап, ага карата тапанчадан ок чыгарганын билдирген.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында мушташка катыштыгы бар делип 1995-жылы туулган К.Ы., 1993-жылы туулган Ш.А., 1994-жылы туулган А.Н. кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Шектүүлөрдүн биринен Макаров үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча табылып, ал өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берген.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Чүй милициясы SUPER.KG порталына сабалган жарандын абалы туруктуу экендигин, ал ооруканага жаткырылбагандыгын билдирди.