Израилдин Haaretz гезити Голан дөңсөөлөрүнүн аймагына үч араб өлкөсүнөн 40 миң согушкер келгенин, Израиль армиясы менен азыркы кагылышууда "Хезболланы" колдоо үчүн даярданганын билдирди.
"Ирак, Йемен жана Сирия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн Сирияда жана Голандын жанында болжолдуу 40 миң элдик кошуундар жана жалданма согушкерлер жүрөт", - деп жазылат Haaretz гезитинин маалыматында.
Ошондой эле маалыматта "Хезболла" жана Тель-Авив бул кабарлар боюнча азырынча эч кандай расмий маалымат берише электиги жазылган.
Эске салсак, 23-сентябрда Израилдин армиясы Ливанга акыркы 20 жылдагы масштабдуу чабуулун баштап, кеминде 569 адам, анын ичинде 50 бала жана 94 аял набыт болуп, 1835 адам жарадар болгон.