Эртең, 27-сентябрда республиканын бардык аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында жазылат.
Ага ылайык, өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +14 ... +19;
Талас жергесинде түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +14 ... +19;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +22 ... +24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +15 ... +17;
Нарын дубанында түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +16 ... +18;
Бишкекте түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +17 ... +19 градус жылуу болот.