Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору 18-сентябрда Жалал-Абад шаарында жайгашкан ЖАКтын №53 мекемесинде текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
Ага ылайык, текшерүүдө, Е.С. аттуу жаран Ала-Бука РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы аныкталды.
Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы толтурулуп, материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү.