Японияда жарым кылымдан бери өлүм жазасын күткөн жаран акталды 

Япониянын соту адам өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына кесилген жана 50 жылдан ашык убакыттан бери өлүм жазасын күтүп жаткан 88 жаштагы мурдагы мушкер Ивао Хакамаданы актады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Хакамада 1966-жылы өзү иштеген заводдун жетекчисин, анын жетекчисинин аялын жана эки баласын өлтүргөн деп камакка алынган. Ал өзү өлтүргөндүгүн моюнуна алып, бирок соттук териштирүүдө кыйноолорго дуушар болгонун айткан. Хакамадага каршы бирден-бир далил кандуу кийим болгон, бирок анын жактоочусу бул нерселер анын айыптоосуна таандык эмес деп ырастады.

Так далилдердин жоктугуна карабай, 1968-жылы сот мушкерди өлүм жазасына өкүм кылган. Өкүм 1980-жылы кабыл алынган. 2011-жылы жапон жараны Гиннесстин рекорддор китебине өлүм жазасына тартылууну эң көп күткөн адам катары киргизилген.

2014-жылы сотто Ивао Хакамаданын ДНКсы киши өлтүрүү болгон жерден табылган кандын генетикалык материалынан алынган ДНКга дал келбей турганы сотто далилденген. Бул чечимден кийин ал бошотулган. Бирок 2023-жылы иш Япониянын Жогорку сотуна берилген.

Ивао Хакамаданын бокс боюнча карьерасы 1959-жылы башталган. Хакамада рингде 28 беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан