Beeline Кара-Балта, Токмок жана Бишкек шаарларында унутулгус кинокече уюштурат

Бишкекте жана Чүй облусунда биринчи жолу уникалдуу иш-чара — Beeline Кинокечеси өтөт. Уюлдук оператор бардык каалоочуларды кинонун, музыканын жана жагымдуу сюрприздердин унутулгус атмосферасына чөмүлүүгө чакырат.

Иш-чара бардык каалоочулар үчүн ачык, кирүү акысыз. Шаарыңызда Beeline Кинокечесин өткөрүп жибербеңиз:

  • Кара-Балта — 27-сентябрда, 18:00 (Кожомбердиев көч., 54а, Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби);
  • Токмок — 28-сентябрда, 18:00 (Сарбагышев көч., 84, СДЮШОР футболдук аянты);
  • Бишкек — 5-октябрда, 18:00 (Масалиев көч., «Ынтымак-2» сейилбагы).

Кызыктуу программа «Жаным» тасмасын көрсөтүүнү камтыйт (режиссеру — Максат Жумаев). Бул жашоонун баалуулуктары жана татаал тандоолор жөнүндө кызыктуу окуя, ал эч кимди көңүл кош калтырбайт.

Музыкалык маанай дагы камсыздалган: атайын конок Freeman 996 тасма үчүн жазган саундтректерин жана башка чыгармаларын аткарат.

Ошондой эле Beeline Кинокечесинин конокторун алып баруучунун сынактары, кызыктуу белектер, ысык чай жана шаңдуу атмосфера күтөт.

Бул унутулгус кечти чогуу өткөрүү үчүн досторуңузду жана жакындарыңызды ала келиңиз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан