Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдө суучулдар көлдөн 100 метр тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, ӨКМ суучулдары Түп районунун айылдарында нөшөрлөгөн жаанга карабай таңкы саат 5:00дө көлдү тазалоого чыгышты.
Тазалоо учурунда алар көл ичинен 100 метр балык уулоочу тор чыгарышкан.