Түркияда өзбек кызына кислота чачкан жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркиянын Денезли шаарындагы мейманканада 27 жаштагы өзбекстандык кызга кислота чачкан түрк жараны Өзгүр Гүнден өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Окуя 2022-жылдын 9-майында болгон. Өзгүр Гүнден өзбекстандык сүйлөшкөн кызы Сожида Каландорова менен Карахайит аймагындагы мейманканага барган. Алардын жанында кыздын курбусу дагы болгон.

Чыр кыз сүйлөшүп жүргөн адамынын телефонун уруксатсыз алып, ичин караганынан чыккан. Жинденген Өзгүр Гүнден сейфте турган кислотаны алып, кыздын бетине чачып жиберген. Жыйынтыгында кыз оор жаракат алып, кислота чачкан киши качып кеткен.

Полиция шектүүнү Денизли районунан кармаган. Ал эми жаракат алган кыз 38 күн ооруканада жатып, андан кийин каза болгон.

Сот Өзгүр Гүнденди атайылап киши өлтүрүү кылмышы менен өмүр бою эркинен ажыратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан