
Саламаттык сактоо министрлигине БУУнун Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун беделдүү сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон бүгүн, 26-сентябрда билдиришти.
Кабарга ылайык, министрликке сыйлык жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн берилген.
Сыйлык 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулуна тапшырылды.