Ош шаары Франция менен ар тараптуу кызматташат

Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарында мэриянын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Файдын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар экономика, туризм, маданият, билим берүү, экология, жылуулук берүү багытында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

"Ошондой эле эки өлкө ортосунда студенттердин тажрыйба алмашуу программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча сүйлөшүлдү.

Соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан